БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызстандык эки спортчу грэпплинг боюнча Азия чемпиону аталды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерация билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-сентябрда Астана шаарында грэпплинг боюнча Азия биринчилиги өттү. Ага Казакстан, Пакистан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 100дөн ашык спортчу катышкан. Спорттук иш-чарада өлкө намысын 14 спортчу коргогон.
Мелдеште кыргызстандык балбандар ийгиликтүү күч сынашып, Абдылдабек Кекенов менен Барчынай Узгенбаева чемпион болду. Андан сырткары, спортчулар эки күмүш, алты коло медаль тагынып, жалпы командалык эсепте Кыргызстан экинчи орунга татыды.
Кыргыздын атын далайга таанытып жүргөн жаш мушкерлердин тизмегин Sputnik Кыргызстан материалынан көрүңүздөр>>