Россиядагы элчиликтен билдиришкендей, кыргызстандык кыз турмушка беребиз деген ата-энесинен качып Москвага барган. Алабыз деген үй-бүлөдөн биротоло кутулуш үчүн өзүн акылынан айныган адамдай көрсөтүп, психиатриялык ооруканага жатып алган.
Бактыга жараша атасы аркасынан барып, ооруканадан аман-эсен алып чыгып кеткен.
Көңүлү каалабаган адамга турмушка чыкпаш үчүн кыргыз кыздары дагы кандай кадамдарга барарын Sputnik Кыргызстан агенттиги тизмектеди.
Карызы чачтан көп келинчек
Каалабаган кишиге турмушка чыкпоо үчүн амалкөйлөнгөн сиңдиси жөнүндө таластык келин Нурзада Жумабекова айтып берди:
Эмчегинен сүт чыгып…
Өз башынан өткөн окуяны ысык-көлдүк Дамира Курманова баяндады:
— 1980-жылдардын башында Фрунзе шаарынан Медициналык училищени аяктап, айылга бардым. Кийин коңшу айылдагы ооруканага ишке орноштум. Бир күнү жумуштан чыгып жол тосуп турсам, бир унаа келип токтоду дагы ичиндеги балдар ой-боюма койбой салып кетишти. Ала качып баратканын дароо түшүндүм, бирок ызы-чуу салган жокмун. Улкунуп-жулкунбай эле үйүнө түз кирип бардым. Кире бериште жоолугун кармап турган аялды көрүп жүрөгүм шуу дей түштү.
Айланы алты кетирген кыз
Талас шаарында болгон окуяны ала качууга дуушар болгон Алия аттуу кыздын курбусу Жибек айтып берди:
— Окуяга өзүм күбө болгон эмесмин, бирок курбум айтып бергенде боорум эзилгиче күлгөм. Бир күнү ал көчөдө кетип баратса, бейтааныш унаа келип, салып кетиптир. Балдардын сүйлөшкөнүнөн эле ала качып бара жатканын түшүнөт дагы, көздөрүн чалырайтып түшүнүксүз бир нерселерди кобурай баштайт. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калган балдар кызды жолго таштап качышат.
Капысынан жасалган карьера
Караколдук Назира сүйбөгөн жигиттен качып, карьера жасап калгандыгын кеп салды.
Жүзүм сугунган кыз
Мындан бир кылым мурда Ысык-Көл калаасында жашаган үй-бүлөнүн укмуштуу окуясын каармандардын чөбөрөсү Гүлмиранын оозунан уктук.
— Бабам ошол кезде 50дөн ашып калганына карабай абдан шайдоот, кыз жандуу адам болуптур. Бир күнү коңшу айылда бардар жашаган бир адам кызын күйөөгө бергени жатканын, бирок кыздын тийчү жигитине көңүлү жок экенин угат. Ал эмне болгон кыз экенин көрүп келейин деп атын минип алып барса, кыз эшиктин алдындагы сууга жүзүн чайып аткан экен. Ал-жайын сурап, чапанынын чөнтөгүнө сала барган жүзүмдү сунса, үч күндөн бери ата-энесин коркутуп оозуна наар албаган кыз жүзүмдү жеп ийиптир. Ортодо жактыруу сезими пайда болуп, башкага келин болчу кызды атка учкаштырып ала качып кетет. Бир аздан кийин артынан кууп келгенин уккан кыз "жеңеке, эми эмне кылам" деп чоң чоң атамдын байбичесинин этегине жармаша калыптыр. Анда биздин чоң апабыз кебелбей туруп "жүзүмдү го сугунуп ийиптирсиң, эми аягына чейин тур" деп бир сүйлөп коюптур. Жарыктык, ошол кездеги кишилердин даанышмандыгын карабайсыңбы? Кийин чоң атабыз токолунан эки кыздуу болгон экен.