Онлайн үйлөнүү, музыкасыз куда күтүү — бишкектиктерди таң калтырган беш үлпөт той

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүКелин. Архив
Келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр адал той менен эч кимди таң кылтыра албайсың. Элдин жашоо-шартына, диний ишенимдерине жараша баш кошуу аземдеринин дагы форматтары өзгөрүп, мурда түшүбүзгө кирбеген көрүнүштөр адатка айланып баратат.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкекте өткөн өзгөчө беш үлпөт тойду тизмектеди.

Музыкасыз той

Ичимдиксиз тойлорду көп алып барып жүрүп, "Адал тамада" атка конгон Канай Анаркулов жакында эле Алмаз жана Жанара аттуу эки жаштын музыкасыз үлпөт тоюн алпарды. Канай өзү ыр-бийсиз тойду башкара аларына ишенгени менен тойдун ошончолук кызык жана жогорку деңгээлде өтөрүн күткөн эмес.

"Эки жаш жана кыздын төркүнү беш маал намаз окуган адамдар экен. Ошол себептүү жигит тарап башында музыкасыз тойго анча ынанбай аткан. Атургай алар башында майрамдын биринчи бөлүгүнөн кийин кетебиз" деп айтышкан. Беш саат бою жакшы каалоо-тилектер айтылып, музыкасыз оюн-зооктор уюштурулду. Тарых, маданият жаатындагы интерактивдик суроолор берилди", — дейт тамада жигит.

Ошентип аягына чейин эч ким кетпей, той беш саатка созулуптур.

Онлайн той

Кафедеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Статистика: Кыргызстанда алынган насыянын канчасы той-топурга жумшалары эсептелди
Келинчектин үстүндө үлпөт көйнөк, башында фата, колунда гүл. Күйөө жигиттин жанында күйөө жолдош, келиндин курбусу, өзүнүн ата-энеси жана кайын журту… Кадыресе үйлөнүү той десек болмок, бирок антип айта албайбыз. Анткени кыз Европада, жигит Бишкекте. Мына ушундай онлайн режимдеги үлпөт той Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанында болуп өттү. Ресторандын администратору Максат Орозовдун айтымында, жаш келин тойго баштан-аяк Skype аркылуу катышты. Эки тараптан бардыгы болуп 400дүн тегерегинде эл чогулган салтанатта келинчектин жоктугу билинбей, аягына чейин шаңдуу өткөнү кошумчаланды.

Тамадасы да, үлпөт көйнөгү да жок

Мындан эки ай мурда Бишкек шаарынын "Фрунзе" ресторанында эч ким башкарбаган, жадакалса эки жаш элден эч нерсеси менен айырмаланбаган той өттү. Ага күбө болгон журналист Сурат Жылкычиевдин айтымында, тамадасыз той, тескерисинче, ызы-чуусуз, жай-баракат өтөт экен.

"Капысынан эле досумдун тууганы өткөргөн тойго чакырылып калдым. Барсак, бат эле эл ордуна жайгашып, той башталып кетти. Карасам уул-келини да, алар отура турган өзгөчө стол да көрүнбөйт. Бир маалда той ээси элдин арасынан бир кыз менен жигитти сууруп чыгып, үйлөнүп жаткан ошол экөө экенин айтты. Же келиндин үлпөт көйнөгү жок. Той ээси жарым саатын ичинде катары менен үч стакандан шараптан ичкиле дагы каалагандай майрамдагыла деп койду", — деди журналист.

Тойдогу бийчи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тойдогу хит ырлар: ырчылардын капчыгын калыңдаткан ырлардын тизмеси
Ошентип эл тамада, тосту жок эле майрамдаптыр. Аягында жигиттин атасы гитара менен эки куплет обон созуп, элден бата алып коюптур.

Жакында келин-уулсуз үлпөт той өтөт

Жакында Бишкекте дагы бир акылга сыйгыз той болот. Кандайча дебейсизби? Эки куда кезигип, 3-4 жылдан бери Германияда окуп-иштеп жүргөн балдарын үйлөнтүшөт. Ата-эне, тууган-урук чогулган тойго эки жаш Skype аркылуу катыша турганын үлпөткөн тамада катары чакырылган Саната Жумакадырова айтып берди.

"Жигит Германияда иштеп, кыз окуйт экен. Экөө тең азыр Кыргызстанга келе албаганына байланыштуу, кудалар ушундай жол менен той өткөрөлү деп чечишиптир. Мындай тойду мурда алып барып көрбөгөндөн кийин өзүмө да кызык болуп, чыдамсыздык менен күтүп жатам, — деди алып баруучу.

"Митинг" той

Батанын ордуна митинг ураандары менен аяктаган тойду "Учур" театрынын актеру Жолдошбек Жанжигит уулу алып барган. Бишкек шаарынын кафелеринин биринде өткөн бул той тээ Аскар Акаевге каршы нааразычылык акциялары өтө баштаган кезде болгон. Актердун айтымында, салтанат кадимкидей эле өткөнү менен, аягында той ээси коноктордун алдына чыгып, келин-уулуна бата тилегендин ордуна "Акаев кетсин!" деген ураан чакырып ийген. Аны залда отургандардын баары коштоп, эки жаш батасыз калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0