Жээнбеков: тарыхта биринчи жолу экспорт импорттон ашты
Жакында алты айдын жыйынтыгын чыгардык. Көрсөткүчтөр жакшы болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Сооронбай Жээнбеков өкмөттүк жыйын учурунда билдирди.
"Былтыр ички дүң продукция (ИДП) менен өнөр жай түшүп кеткен. Быйылкы алты айдын жыйынтыгы боюнча ИДП 6,4 пайызга өссө, өнөр жай 31 пайызга көтөрүлгөн. Эң кубандырганы былтыр 17 пайызга төмөндөп кеткен экспорт, быйыл 30 пайызга өстү. Мындай көрсөткүч тарыхыбызда биринчи жолу болуп жатат", — деди Жээнбеков.
Ал ошондой эле экспортту мындан дагы жакшыртуу үчүн өткөрмө пункттарында тиешелүү иштер аткарылып жатканын кошумчалады.