БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. 2-августта өлкөдө күн ачык болорун Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Чүйдө 32…37 градус ысык болсо, Таласта абанын температурасы 30…35 градуска чейин жогорулайт. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында 33…38 градус ысык болору күтүлүп жатат. Ысык-Көлдө күндүн табы 27…32 градуска чейин көтөрүлсө, Нарында 28…33 градус нөлдөн жогору болору айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында 35…37 градус ысык болот.