БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Акбар Кенжебек уулу күрөш боюнча юниорлор арасында өткөн дүйнө чемпионатында коло байге тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында маалымдалды.
Дүйнө биринчилиги Финляндиянын Тампере шаарында өтүүдө.
Мелдештин биринчи күнү эркин күрөшчүлөр күч сынашкан. Ага Кыргызстандын атынан төрт спортчу катышып, Акбар Кенжебек уулу ийгилик жарата алган. Ал россиялык балбанды жеңип, үчүнчү болгон.
Дүйнөлүк чемионат 6-августка чейин уланат.