БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргызстан коммунисттер партиясынан Исхак Масалиевди президенттикке талапкер катару көрсөтүү тууралуу арыз келип түштү.
Ошентип, 2017-жылдын 25-июлуна карата 38 адам президенттикке аттануу ниети менен БШКга арызын тапшырды.
Буга чейин Токтайым Үмөталиева, Токтобүбү Таласбаева, Дамира Токтосунова, Азимбек Бекназаров, Назарбек Нышанов, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Арстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камилла Шаршекеева, Таалатбек Масадыков, Өмүрбек Бабанов, Рита Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Сагынбек Абдрахманов, Мукар Чолпонбаев, Кубан Чороев, Анвар Сартаев, Куттубек Бешбаков, Игорь Трофимов, Максатбек Жумабеков, Улукбек Кочкоров, Нурсет Мамедов, Руслан Жунусов, Мирлан Шерикул уулу жана Арсланбек Малиев талапкерлигин өздөрү көрсөткөн.
Ал эми "Ата-Журт" партиясы Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибековдун, "Ак-Шумкар" партиясы Темир Сариевдин, "Өнүгүү-Прогресс" Бакыт Төрөбаевдин, "Адам укугу" партиясы Турсунбек Акундун, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы Адахан Мадумаровдун, КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөттү.
Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына белгиленген. Кыргызстандын президенти алты жылга шайланат. Ага эки ирет удаасы менен мамлекет башчы болууга укук берилбейт.