Масалиев Исхак Абсаматович — өмүр баяны

Жазылуу
Исхак Масалиев 1960-жылы 21-майда Ош шаарында туулган. Билими жогору. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин, 1994-жылы юридикалык факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1982-1986 — Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу
1986-1989 — Кыргыз мамлекеттик университетинин аспиранты
1989-1993 — Ош облусунун ишки иштер органдарында кызмат өтөгөн
1993-1994 — мамлекеттик салык кызматынын Ош облусу боюнча салыктык тергөөлөр бөлүмүнүн инспектору
1994 — Ош облусунун Салык полициясы башкармалыгынын кызматкери
1994-1995 — Ош бажыканасынын башкы инспектору
1995-1997— Ош бажыканасынын жетекчисинин орун басары
1997-1998— Мамлекеттик бажы инспекциясынын "Түжтүк" темир жол бажыканасынын башчысы
1998-1999 — укуктук маселелер боюнча менеджер, "Югфармация" коомунун туунду ишканасы
1999-2000 — "Талас-Ош" ЖЧКнын директору
2000-2001 — Жогорку Кеңештин коррупцияга, көмүскө экономикага каршы күрөш маселелри боюнча эл өкүлдөр жыйынын комиссиясынын төрагасы
2001-2005 — Мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жанан конституциялык мыйзам боюнча комитет башчысынын орун басары
2005 — Жогорку Кеңештин депутаты
2005-2006 — Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укук реформасы боюнча бөлүм башчысы комитеттин төрагасынын орун басары
2006-2007 — Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укук реформасы боюнча бөлүм башчысы комитеттин төрагасы
2007-2009 — Жогорку Кеңештин депутаты
2009-2010 — Жогорку Кеңештин депутаттык этика жана регламенти боюнча төрагасынын орун басары
2011-2012 — ККП Борбордук комитетинин төрагасы
2012-2015 — КР өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик салык кызматынын төрагасы
2015-2021 (май айында мандатын өз ыктыяры менен тапшырып берген) — "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутат болуп шайланган;
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.
Жаңылыктар түрмөгү
0