БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Жанкечти өзүн Афганистандын экинчи вице-премьеринин үйүнүн жанында жардырып жиберди. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып кабарлады.
Полициянын маалыматына караганда, бул жардыруудан жабыркагандар болушу мүмкүн.
Ал эми Tolo News телеканалынын маалыматына караганда, жардыруу таңда Кабулдун алтынчы полициялык районунда жаңырган. Окуя болгон аймакта Афганистандын аткаруу бийлигинин жетекчисинин экинчи орун басары Мохаммад Мохакик жашаган.