БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. "Теплые ключи" сейил багына кеткен жолдо кырсык катталып, алты жашар бала каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облустук Кайгуул милициясынан маалымдашты.
Окуя ишемби күнү, 22-июлда саат болжол менен 22.00дөр чамасында катталган. Айдоочу рулду башкара албай калып, унаа дарыяга кулап кеткен.
"Айдоочу аман калганы менен анын баласы сууга агып кеткен. Анын сөөгү бүгүн табылды", — деп милициядан билдиришти.
Анын маалыматына караганда, унаада эки адам болгон.