БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бишкектин жака белинде 64 жаштагы кишини унаа койдуруп кеткен. Ал кырсык болгон жерде мүрт кеткен. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден изин жашырган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облустук Кайгуул милиция башкармалыгынан кабарлашты.
Жол кырсыгы Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында 22-июль күнү, саат 22.30дар чамасында катталган. Айыл тургуну окуя болгон жерде жан берген.
"Кайгуул милиция кызматкерлери шектүүнү бүгүн эртең менен кармашты. Ал 30 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну болуп чыкты", — деп милициядан билдиришти.
Учурда шектүүгө карата тиешелүү экспертизалар дайындалды.