БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Борбор калаанын чок ортосунда ири өрт кырсыгы катталганын күбө WhatsApp каналы аркылуу билдирди.
© © видео очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Анын айтымында, Тыныстанов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде имарат өрттөнүп кеткен.
Ал эми ӨКМ кырсык болгонун ырастап, өрт боюнча билдирүү эртең мененки саат 7:16лар чамасында келип түшкөнүн кабарлады.
"Бүгүн эртең менен аталган көчөлөрдүн кесилишиндеги компьютердик клубдун 700 чарчы метрлик аянты өрттөнүп кеткен. Аны өчүрүүгө үч кызматтык унаа тартылып саат 9:22де толугу менен өчүрүлгөн", — деп ӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсе?из болот.