БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Борбор калаада түрк тасмаларынын жумалыгы башталгандыгын Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Кинокартиналарды көрсөтүү 21-июль күнү башталып, 25-июлга чейин созулат.
"Жумалыктын алкагында түрк фильмдери Бишкектеги Октябрь кинотеатрында көрсөтүлүүдө. Түркия кинөнөрү менен таанышууну каалагандарга эшик ачык", — деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, тасмалар акысыз тартууланат.