БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Көчмөн Алтай" экспозициясынын ачылышында элди, мамлекетти бөлүп-жаргандарга каршы пикирин билдирди.
Ал көп улуттуу Кыргызстанды бекем сактоого чакырып, Манастын осуяттарын эске салып өттү. Өлкө башчы биримдиктин арты менен улуу мамлекет түзүлгөнүн баса белгилеген.
"Кудай бизди бирдей кылып жараткан, ошондуктан бөлүнбөгүлө! Манас атабыз бекеринен "Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө, бөлүнсөң бөрү жеп кетет" деп айткан эмес", — деди президент.
Ал ошондой эле элди бөлүп-жаргысы келгендерди таш бараңга алуу керектигин кошумчалады.