БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда төрөт маалында каза тапкан энелердин саны азайгандыгын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
2016-жылы 100 миң төрөттө 30,3 эне көз жумган. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 21,3% пайызга төмөн дегенди түшүндүрөт.
Министрликтин 2017-жылдын 10-июлундагы маалыматы боюнча, быйыл беш ай ичинде республика боюнча 18 аял төрөт маалында жана андан кийин каза болгон. Ал эми 2016-жылы беш айда 24 ымыркай энесиз калган.
Төрөт маалында көз жумган энелердин саны Ош шаары менен Жалал-Абад облусунда мурдагы жылдарга салыштырмалуу өскөнү айтылат.
Жаш энелердин өлүмү боюнча иликтөөгө ылайык быйыл каза болгондордун экөө Россияда иштеп жүрүп төрөөргө саналуу күндөр калганда Кыргызстанга келген мигранттар болгон.