Sputnik Кыргызстандын фото кабарчысы интернет добуш берүүдө мыкты деп табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстандын фото кабарчысы Табылды Кадырбеков. Архив
Sputnik Кыргызстандын фото кабарчысы Табылды Кадырбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурс 18 жаштан 33 жашка чейинки катышуучулар үчүн жарыяланып, сүрөтчүлөрдүн кесиптик чеберчиликке умтулуусун колдоо максатын көздөгөн.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. "Россия сегодня" маалымат агенттиги тарабынан уюштурулуп, ЮНЕСКОнун Россиядагы комиссиясынын колдоосу менен өткөрүлүп жаткан Андрей Стенин атындагы фото журналистика сынагы онлайн-добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Ага ылайык мыкты иш деп ­­­­­­­­­Табылды Кадырбековдун эмгеги табылды.

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота фотожурналиста Sputnik Кыргызстан Табылды Кадырбекова "Продавщица сладкой ваты"
Работа фотожурналиста Sputnik Кыргызстан Табылды Кадырбекова Продавщица сладкой ваты - Sputnik Кыргызстан
Работа фотожурналиста Sputnik Кыргызстан Табылды Кадырбекова "Продавщица сладкой ваты"

2017-жылдын 7-августунда калыстар тобу атай турган жеңүүчүлөр менен катар интернет колдонуучулардын тандоосуна ээ болгон катышуучу да диплом менен сыйланат.

Айт намазы, Бишкек, 2015-жыл, 17-июль. Эски аянтка 100 миңдей киши намазга келди - Sputnik Кыргызстан
Табылды Кадырбековдун эң мыкты он сүрөтү
Онлайн-добуш берүүнүн жыйынтыгы менен беш мыктынын ичине Шаши Шекхар Кашьяптын (Индия) "Вдовы на празднике красок", Фандулвази Жайклонун (ТАР) "Протесты в городе Грабу" сүрөттөрү, грециялык Анна Пантелиянын качкын бала тууралуу жана россиялык Юрий Смитюктун кышкы серфинг боюнча эмгектери кирди.

"Россия сегодня" маалымат агенттигинин фото кызматынын жетекчиси Александр Штолдун айтымында, онлайн-добуш берүүнүн жыйынтыгы заманбап сүрөттөр көрүүчүлөр арасында популярдуу экенинен кабар берет.

Аталган сынакка Кыргызстандын атынан жалгыз катышуучу — Sptunik Кыргызстан маалымат агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбековдун "Таттуу кебездерди саткан апа" деп аталган эмгеги сунушталган. Автордун айтымында, сүрөт өткөн кыштын бурганактуу кечинде тартылган.

"Россия сегодня" эл аралык  маалымат агенттигинин жетекчиси Александр Штоль "биз онлайн-добуш берүүнүн жыйынтыгына кубанып турабыз. Бул азыркы сүрөтчүлүк өнөрдү баалагандар бар экендигин көрсөтөт. Интернет колдонуучулар добуш берген эмгектер турмуштан күтүүсүз жерден алынган учурлар жана алар жандуу боёктору менен айырмаланат", — деген. 

 Ал эми Табылды Кадырбеков интернет колдонуучулардын арзуусуна татыган сүрөттү кантип тартканын айтып берди.

"Ошондо аба ырайы бурганактап турган. Шеф-редактор мага сүрөттөр түрмөгүн жасайбыз, эшикке чыгып тартып кел деп жиберди. Чынын айтсам, өтө ынтызар болгон жокмун. Бирок, эшиктеги аба ырайын көргөндө сүрөт тартуунун кызыгына кантип кирип кеткенимди өзүм да  байкабай калдым. Бурганактаган карда элдин кантип жүргөнүнө, колдорун кымтылап үшүгөнүнө, кээ бирлеринин карга суктанып жатканына байкоо салып, көчө аралап жүрдүм.  Ишти бүттүм деп кеткенге камынып жатып, эки колуна кумшекерден жасалган таттуу кебездерди көтөрүп алып, бульварды аралап, өйдө кетип бараткан байбичени байкап калдым. Артынан тарттым, бирок,  бир нерсе жетишпегенсип туруп алды. Апанын алдына чыгып, эки-үч ирет чырк эттирдим. Ал эми апа жылмайып, "ай балам, эмне тартып жатасын" деген суроосуна "эстелик үчүн" деп жооп бердим", — деди Кадырбеков.

2017-жылы сынакка дүйнөнүн 76 өлкөсүнөн беш миңден ашык сүрөт жөнөтүлгөн. Калыстар тобу алардын арасынан тандап алган сүрөттөр "Негизги жаңылыктар", "Спорт", "Менин планетам" жана "Портрет. Биздин замандын каарманы" номинацияларында ат салышат. Онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгына калыстар тобу сынактын кыска тизмесине киргизген эмгектер катышат.

Сынак тууралуу маалымат

Конкурс 18 жаштан 33 жашка чейинки катышуучулар үчүн ачык жана анын максаты сүрөтчүлөрдүн кесиптик чеберчиликке умтулуусун колдоо болуп эсептелет.

"Россия сегодня" ЭМА демилгелеген Андрей Стенин атындагы эл аралык фото журналистика конкурсу коомдун көңүлүн фото журналистиканын иш милдеттерине буруп жана жаш сүрөтчүлөрдү колдоону көздөйт. Конкурстун алкагында дүйнөлүк сүрөт коомчулугунун өкүлдөрүнө фото журналистикадагы жаңы ысымдарды таап таанышуу, колдоо жана анын жогорку стандарттарын калыптандыруу, Россияда жана жалпы эле дүйнө жүзүндө даректүү сүрөттүн сапаттык көрсөткүчтөрүн түзүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Былтыр ага 71 мамлекеттен 6 миңден ашык эмгек жиберилген. Жеңүүчүлөрдүн сүрөттөрү Москва, Стамбул, Кейптаун, Шанхай, Пекин, Каир, Берлин, Рим, Марибор жана Люблян шаарларындагы сүрөт көргөзмөлөргө коюлган.

Ат-Башылык чоң эне. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанды кыдырып. Объективде – Нарын эли
2017-жылы сынактын өнөктөштөрү Al Mayadeen TV, Shanghai United Media Group (SUMG), МККК, "Россия-Культура" телеканалдары, Вести.Ru, KP.ru, ЖурДом, Russian Photo порталдары, Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосу, Askanews, Notimex, ANA, Xinhua, The Royal Photographic Society, Shanghai United Media Group (SUMG), ANDES маалымат агенттиктери, Independent Media медиахолдинги, RT телеканалы жана порталы өнөктөштөрү болду.

Ал эми сынакты тармактык өнөктөш карата Сүрөттөр академиясы, ГеоФото агенттиктери, Photo-study.ru, YOung JOurnalists, PhotoVisa порталдары, Bleek Magazine онлайн журналы, Москванын журналисттер биримдиги, Визуалдык искусство мектеби, Россия сүрөтчүлөр союзу жана "Фотопарад в Угличе" фестивалы колдоого алышты.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттик кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталына, радиого жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борборуна ээ. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы орунда турат.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik агенттиги маалыматтарды 30дан ашык тилде таратат. Андан сырткары аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактарда баракчалар бар. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан, кытай жана башка ондогон тилдерде жарык көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0