БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Американын Түштүк Каролина штатындагы пляжда төрт адамды чагылган уруп, бирок аман-эсен калышты. Бул тууралуу РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме жасап кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык жекшембиде күндүн жарымында Айл-оф-Палмс шаарында болгон. Окуя болгон жерде жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көргөзүлүп, өмүрүнө коркунуч жаралгыдай жаракат албагандыгы аныкталган.
Маалымат агенттиги үч чоң адамдын чагылган тийген жерлеринде кызыл так калып, ал эми кичинекей бала эч нерсе болбогондугун жазды.