https://sputnik.kg/20170702/surotko-tartyp-alyngan-kyrgyzstandyn-kooz-zherleri-1034111659.html
Таңгалдырган, тамшанткан сүрөттөр. Көргөн да, көрбөгөн да арманда
Таңгалдырган, тамшанткан сүрөттөр. Көргөн да, көрбөгөн да арманда
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык Максим Клейтор өзү мойнуна албаганы менен анын сүрөттөрү көргөн адамды кайдыгер калтырбайт. Улам жаңы бир сулуулукка жетелеп, улам тамшандырат... 02.07.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-07-02T19:00+0600
2017-07-02T19:00+0600
2021-12-15T21:58+0600
https://sputnik.kg/img/103410/85/1034108528_0:1764:2848:3375_1920x0_80_0_0_5b7f9fd095c20d8a951b0680459f2255.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103410/85/1034108528_0:1674:2848:3465_1920x0_80_0_0_0506945c19ed56cee2ae1a2e4e960fe4.jpg Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
маданият, кыргызстан, мультимедиа, коом, сүрөт, жаңылыктар
маданият, кыргызстан, мультимедиа, коом, сүрөт, жаңылыктар
Таңгалдырган, тамшанткан сүрөттөр. Көргөн да, көрбөгөн да арманда 19:00 02.07.2017 (Жаңыртылды: 21:58 15.12.2021 )
Кыргызстандык Максим Клейтор өзү мойнуна албаганы менен анын сүрөттөрү көргөн адамды кайдыгер калтырбайт. Улам жаңы бир сулуулукка жетелеп, улам тамшандырат. Ал төрт жылдык саякат учурунда Кыргызстандын кооз жерлерин тартып жүрүп отурган.
Жаш сүрөтчү Sputnik Кыргызстан агенттигине Казакстанга барган мезгилинде тарткан сүрөттөрүн да көрсөттү.
Төмөнкү сүрөттөр сиздин Кыргызстандын географиясы туурасында маалымат берип тим болбостон, көңүл кушун көкөлөтүп, жакшы маанай тартуулайт.
Кыргызстанда канча каражатка саякатка чыгып, кантип эс алууга болот? Бул тууралуу маалыматты төмөнкү шилтемеден окуңуз>>
© Фото / Максим Клейтор Нарын. Алыскы Аксайдын улуу тоолору. Максим Клейтор катуу кеселден кийин өлкө аймагын аралап, саякатка чыккан. Кереметтүү сүрөттөрүн алгач Нарындан баштаган
Нарын. Алыскы Аксайдын улуу тоолору. Максим Клейтор катуу кеселден кийин өлкө аймагын аралап, саякатка чыккан. Кереметтүү сүрөттөрүн алгач Нарындан баштаган
© Фото / Максим Клейтор Көз жоосун алган Көл-Суу. Эмне деген керемет!
Көз жоосун алган Көл-Суу. Эмне деген керемет!
© Фото / Максим Клейтор Аскалар менен курчалган көпкөк суу. Жергиликтүү чабандар бул аймакты аюулар мекендей тургандыгын айтышкан
Аскалар менен курчалган көпкөк суу. Жергиликтүү чабандар бул аймакты аюулар мекендей тургандыгын айтышкан
© Фото / Максим Клейтор Нарындагы коруктан мындай жакшынакай жаныбарды кезиктирүүгө болот. Марал
Нарындагы коруктан мындай жакшынакай жаныбарды кезиктирүүгө болот. Марал
© Фото / Максим Клейтор Максимдин таасирленткен жаратылыштын дагы бир кооз – жери Кара-Суу көлү. Чындыгында суунун түсү көгүш-каралжын тартып турат экен
Максимдин таасирленткен жаратылыштын дагы бир кооз – жери Кара-Суу көлү. Чындыгында суунун түсү көгүш-каралжын тартып турат экен
© Фото / Максим Клейтор Ак карлуу тоо, булуттар жана күзгүдөй суу
Ак карлуу тоо, булуттар жана күзгүдөй суу
© Фото / Максим Клейтор Кол менен жасап койгондой! Алтын-Арашан өрөөнүндөгү Аңырты көлү
Кол менен жасап койгондой! Алтын-Арашан өрөөнүндөгү Аңырты көлү
© Фото / Максим Клейтор Сокулуктан анча алыс эмес жерде жайгашкан Бөрүлү көлү
Сокулуктан анча алыс эмес жерде жайгашкан Бөрүлү көлү
© Фото / Максим Клейтор Эми Сары-Челек туурасында ашыкча сөз айта да албайсыз. Сүрөттү гана телмирип тиктеп, эс алсаңыз болот
Эми Сары-Челек туурасында ашыкча сөз айта да албайсыз. Сүрөттү гана телмирип тиктеп, эс алсаңыз болот
© Фото / Максим Клейтор Ысык-Атаны өрдөй кеткен жердеги Мин-Жылкы көлү. Чарчабай суктана берсеңиз болот
Ысык-Атаны өрдөй кеткен жердеги Мин-Жылкы көлү. Чарчабай суктана берсеңиз болот
© Фото / Максим Клейтор Кыргызстанда жошо баскан ушундай жерлер бар экенин билчү белеңиз? Бул жергиликтүү эле эмес, чет элдик туристтерди да кызыктырып келет
Кыргызстанда жошо баскан ушундай жерлер бар экенин билчү белеңиз? Бул жергиликтүү эле эмес, чет элдик туристтерди да кызыктырып келет
© Фото / Максим Клейтор Же көк эмес, же жашыл эмес, башкача бир түс. Бул жер кудум жомокко келгендей таасир калтырат. Булуттардын түсүнө абай салсаңыз...
Же көк эмес, же жашыл эмес, башкача бир түс. Бул жер кудум жомокко келгендей таасир калтырат. Булуттардын түсүнө абай салсаңыз...
© Фото / Максим Клейтор Менменсип, келбээрсиген Каракол чокусу. Бийиктиги 5 чакырым. Далай альпинисттердин көзүн күйгүзгөн чоку
Менменсип, келбээрсиген Каракол чокусу. Бийиктиги 5 чакырым. Далай альпинисттердин көзүн күйгүзгөн чоку
© Фото / Максим Клейтор Тиктеп отургуң келет. Бул бийиктиктерге чыккандар бактылуу бир адамдар болсо керек
Тиктеп отургуң келет. Бул бийиктиктерге чыккандар бактылуу бир адамдар болсо керек
© Фото / Максим Клейтор Булуттар бут алдыда. Дагы бир бийик чокуга чыгып, төмөнгө көз салсаңыз, баары алаканга салгандай көрүнөт
Булуттар бут алдыда. Дагы бир бийик чокуга чыгып, төмөнгө көз салсаңыз, баары алаканга салгандай көрүнөт
© Фото / Максим Клейтор Бул жер Кыргызстан эмес. Казакстандагы Күңгөй Ала-Тау. Кайыңды көлү
Бул жер Кыргызстан эмес. Казакстандагы Күңгөй Ала-Тау. Кайыңды көлү
© Фото / Максим Клейтор Жаратылыштын кооздугунан башка керемет эч нерсе жок. Түндүк Тянь-Шань аймагында жайгашкан Көл-Сай
Жаратылыштын кооздугунан башка керемет эч нерсе жок. Түндүк Тянь-Шань аймагында жайгашкан Көл-Сай