Жоголгон үч баланын Кызыл-Кыяга кантип барып калганы айтылды. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСпортивные соревнования национального праздника Эл Ойын в Республике Алтай
Спортивные соревнования национального праздника Эл Ойын в Республике Алтай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Агасы менен карындашы жана алардын 10 жаштагы кошунасы 5-июнь күнү Чүйдүн Панфилов районунан дайынсыз жоголуп кетишкен. Жеткинчектер эки күндөн кийин өлкөнүн аркы бурчунан табылды.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Чүйдүн Панфилов районунда бир маалда жоголуп кеткен үч бала Баткен облусундагы Кызыл-Кыяга такси айдоочусун алдап жетип алышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Өчпөгөн үмүт, кургабаган көз жаш. Бүгүнкү күнгө чейин табылбай жаткан балдар - Sputnik Кыргызстан
Өчпөгөн үмүт, кургабаган көз жаш. Бүгүнкү күнгө чейин табылбай жаткан балдар
Эскерте кетсек, 5-июнь күнү кечинде Панфилов районунда бир маалда үч бала жоголуп кеткен. 12 жаштагы Рамазан менен 9 жаштагы Тахмина Дүйшөнбековалар, ошондой эле 10 жаштагы кошуна кыз Айгерим Сыдыкова 7-июнь күнү Баткендин Кызыл-Кыя шаарынан табылган.  Ошондо балдар 910 чакырымга чукул жол жүргөн.

Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди.

Көрсө, балдар ата-энелери талаада иштеп жүргөн маалда катып койгон акчасын алып Кара-Балта шаарына  келишкен. Сейилдеп, паркка барып эс алышкан.

Убакыттын өтүшү менен талаадан кайтып келген ата-энелеринен тил угарын сезген балдар Кызыл-Кыядагы таенесиникине барууну чечишет.

Кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уулун күткөн эне: сени бир көрүп өлсөм арманым жок эле
Такси тосуп, апасы Баткенге жибергенин, жол кирелери бар экенин айтышат. Айдоочу аларды алып кетүүгө макул болот.

Кызыл-Кыяга келгенден кийин балдардын шаарды билбей турганын байкап, милицияга кайрылууну чечет. Жеткинчектерди кийинчерээк таенеси үйүнө алып кеткен.

Ал эми Баткен ШИИБдин маалыматы боюнча учурда балдардын ал-абалы жакшы, таенесинин үйүндө жүрүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0