БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Facebook социалдык тармагына Россияга кетип төрт жылдан бери дайынсыз болгон уулун күтүп жүргөн эненин баласына болгон кайрылуусу тарады.
Видеодон карыган эне баласынан анын үйгө кайтып келүүсүн суранып, жалбарып жатканын көрүүгө болот.
"Балам, ал жактан үйлөнгөн болсоң, келинчегиңди жетелеп келе бер. Үйлөнө элек болсоң бул жакка келип бала-чака күт. Балам, сени аябай сагындым. Таң атса кеч кирбейт, кеч кирсе таң атпайт, ушундай күндөрдү өткөрүп жатам. Сени бир көрүп өлсөм арманым жок эле", — дейт эне.
"Бул боюнча бизге анын айылдашы кайрылды. Аны үйүндө карыган апасы күнүгө жол карап күтүп отурат. Атасы эки жыл мурун дүйнөдөн өтүп кетиптир. Учурда ал Екатеринбург шаарында жүргөнү туурасында маалыматтар бар. Замирбек, эгер бул кайрылууну көрүп калсаңыз, тезинен апаңыздын жанына барууңузду өтүнөбүз", — деди Алиев.
Замирбек Атамкуловду көргөн-билгендер ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө +8926 890 87 00 номери аркылуу байланышса болот.