Ысык-Көлдө эс алуу канча турат? Пансионаттардын баасы жана картасы

Жазылуу
Картада 43 пансионат менен эс алуу үйлөрү белгиленген. Толук тизмени көрүү үчүн картанын жогорку сол тарабындагы атайын белгини басыңыз. Пансионаттын атын басканда анын баасы, тамак-аш жана инфраструктурасы тууралуу маалыматтарды окуй аласыз.

Саратандан сактанууну самагандар үчүн көл жээгиндеги пансионат жана отелдердин картасын түздүк. Анда турист үчүн пайдалуу маалымат – эс алуу акысы жана түнөк шарттары көрсөтүлдү.

Ысык-Көлдө эс алуу бул жылы канча каражат чапчыйт? Былтыркыдай жол иштери тоскоол этпейби? Буга Sputnik Кыргызстан кызыгып көрдү.

Быйыл Ысык-Көлгө алган сапарыңыз тегиз болот. Мындай жагымдуу жаңылыкты Транспорт жана жол министрлигинен кабарлашты

"Туристтик сезондун ачылышына жакын, болжол менен июндун ортосуна чейин Тамчыдан Бактуу Долонотуга чейинки жол асфальтталат. Бул дээрлик 38 чакырымдык аралык" — деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Андан сырткары, синоптиктер да кубантууда. Алардын божомолу боюнча жаан-чачын чеги менен, ошондой эле жай мезгили да аптаптуу болору күтүлүүдө.

"Вояж" пансионаты

Акысы:

"Стандарт" номер – киши башынан 500 сом

"Люкс" номер – киши башынан 1400 сом

Шарттары: үй-бүлөгө ылайыкталган пансионат

Акысына тамактын баасы камтылган эмес

“Кыргыз деңизи” санаторийи

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" – 2500 сом

Эки орундуу "люкс" – 7500 сом

Төрт кишилик аппартамент – 15 500 сом

Шарттары: туз үңкүрлөрү, ден соолукту чыңдоочу процедуралары, спорттук аянтчалар

Бөлмө акысына үч маал тамагы да кирет.

"Фонтан" эс алуу борбору

Акысы:

Эки кишилик "стандарт" – 3400 сом

Эки кишилик "жакшыртылган" — 3800 сом

Төрт орундуу "стандарт" — 4800 чос

Шарттары: сауна, бильярд, унаа токтотуучу жай

Бөлмө акысына таңкы тамак баасы кошулган.

"Каприз" эс алуу борбору

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" – 5500 сом

Эки орундуу "жакшыртылган" – 8500 сом

Төрт орундуу үй-бүлөлүк бөлмөлөр 12800 сомдон жогору

Шарттары: бассейн, сауна, спортзал

Акысына таңкы тамак кирет.

"Royal Beach" отели

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" – 9750 сом

Эки орундуу "люкс" – 10500 сом

Төрт кишилик коттедж – 19500 сомдон өйдө

Бөлмө акысына таңкы тамак камтылган.

"Марко Поло" отели

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" – киши башына 3025 сом

Эки орундуу "люкс" бөлмө – 6480 сом

Төрт кишилик коттедж – 20 880 сом

Шарттары: SPA, бассейн.

Үч маал тамак акы ичине кирет.

"Talisman Village" отели

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" – 7000 сом

Эки орундуу "люкс" – 8400 сом

Төрт кишилик коттедж – 15 400 сом

Шарттары: SPA, бассейн, теннис ойноочу аянт

Үч маал тамагы менен.

"Акун Ысык-Көл" пансионаты

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" – 7000 сом

Эки орундуу "люкс" – 12600 сом

Төрт кишилик бөлмө – 14 000 сом

Шарттары: бассейн, спорттук аянттар, SPA, саламаттыкты чыңдоочу процедуралар.

Түнөк акысына үч маал тамак жана жайыл дасторкон да кирет.

"Карвэн Ысык-Көл" пансионаты

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" – 9180 сом

Эки орундуу "люкс" –  14 076 сом

Төрт кишилик апартамент – 24684 сом

Шарттары: бассейн, теннис ойноочу аянт, балдар аянтчасы

Бөлмө акысына таңкы тамак кошулган.

"Три Короны" отели

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" —  4500 сом

Эки орундуу "люкс" — 7500 сом

Төрт кишилик апартамент — 13700 сом

Шарттары: бассейн, теннис ойноочу аянт, кинотеатр

Үч маал тамагы менен.

"Солнышко" пансионаты

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — 4800 сом

Төрт орундуу үйбүлөлүк бөлмө — 5440 сом

Шарттары: ийне жалбырактуу токой, тынч аймак

Үч маал тамак берилет.

"Дельфин де люкс" пансионаты

Акысы:

Ки орундуу "стандарт" — 4080 сом

Эки орундуу "люкс" — 7480 сом

Шарттары: бассейн, аквапарк, аттракциондор

Эртең мененки тамак каралган.

"Карвэн четыре сезона" эс алуу борбору

Акысы:

Эки орундуу "люкс" — 14 200 сом

Төрт кишилик коттедж — 22 000 сом

Шарттары: сауна, машыгуучу зал, бассейн

Таңкы тамак берилет.

"Радуга Вэст" эс алуу борбору

Акысы:

Эки орундуу "жарым люкс" — 9000 сом

Төрт кишилик коттедж — 19 500 сом

Шарттары: сауна, машыгуучу зал, бассейн

Үч маал тамак берилет.

"Радуга" эс алуу борбору

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — 10 500 сом

Эки орундуу "люкс" — 1 8000 сом

Төрт кишилик апартамент — 29 250 сом

Шарттары: SPA, сауна, түнкү клуб

Акысына үч маал тамак кошулган.

"Ак-Марал" пансионаты

Акысы:

Эки орундуу "станбарт" — 7900 сом

Эки орундуу "люкс" — 14400 сом

Шарттары: түнкү клуб, сауна

Үч маал тамак берилет.

"Витязь" отели

Акысы:

Эки орундуу таунхауз  — 4760 сом

Үч орундуу таунхауз ашканасы менен — 8160 сом

Шарттары: теннис ойноочу аянт, орус мончосу

Азык баасы бөлмө акысына кошулбайт.

"Солемар" отели

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — киши башына 3740 сом

Эки орундуу "люкс" — 13260 сом

Төрт кишилик бөлмө — 20 400 сом

Шарттары: SPA, сауна

Үч маал тамак берилет.

"Коста Брава" эс алуу борбору

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — 10200 сом

Эки орундуу "люкс" — 11900 сом

Сегиз орундуу коттедж — 27200

Шарттары: бассейн, теннис ойноочу аянт, кичи футбол талаасы

Таңкы тамак берилет.

"Aurora Resort Hotel" санаторийи

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — 6660 сом

Эки орундуу "люкс" — 11500 сом

Апартаменттер — 15850 сом

Шарттары: процедуралар, бассейн

Үч маал тамак берилет.

"Botany Beach" пансионаты

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — 8160 сом

VIP коттедж — 23800 сом

Шарттары: бильярд, квадрациклдер үчүн аянт

Акысына үч маал тамак да кошулган.

"Синегорье" пансионаты

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — 6800 сом

Эки орундуу "жакшыртылган" — 9520 сом

Төрт кишилик номер — 13600 сом

Шарттары: SPA, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу борбор

Үч маал тамагы менен.

"Аврора Плюс" пансионаты

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — 8000 сом

Төрт кишилик коттедж — 19000 сом

Шарттары: SPA-салон, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу борбор, машыгуучу зал

Тамак-аш акысы камтылган эмес.

"Меридиан" пансионаты

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — киши башына 3740 сом

Люкс номер — киши башына 5100 сом

Шарттары: бассейн, сауна, массаж, теннис ойноочу аянт, кинотеатр

Үч маал тамак берилет.

"Чолпон-Ата" Мамрезиденция №2 санаторийи

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — 5600 сом

Эки орундуу "люкс" — 8500 сом

Беш кишилик апартамент — 11520 сом

Шарттары: бассейн, балдар үчүн бассейн, спорттук аянтчалар, СПА, сауна

Үч маал тамак берилет.

“Золотые пески” ("Алтын кум") пансионаты

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — киши башына 816 сом

Шарттары: спорттук аянтчалар, парк, сауна, дискотека

Баага тамак-аш кирбейт.

"Колумб" пансионаты

Акысы:

"Стандарт" номер — киши башына 2500 сом

Шарттары: үстөл тенниси, балдар аянтчасы

Тамак-аш акысы кошулган эмес.

"Тулпар" пансионаты

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — 3200 сом

Эки орундуу "жакшыртылган" — 4700 сом

Төрт кишилик коттедж — 7700 сом

Шарттары: машыгуучу зал, компьютердик клуб

Азык баасы эсептелген эмес.

"Чебак" отели

Акысы:

Төрт кишилик коттедж — 10 540 сом

Шарттары: бассейн

Таңкы тамак берилет.

"Зето" отели

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — 5440 сом

Эки орундуу "люкс" — 8160 сом

Төрт кишилик коттедж — 13 600 сом

Шарттары: бассейн, коттедждеринде от жагылчу зал

Тамак-ашы эсептелген эмес.

"South beach" пансионаты

Акысы:

Төрт кишилик коттедж — 7480 сом

Шарттары: тегереги коопсуз

Тамак баасы акысына кошулган эмес.

"Сосновая Роща" пансионаты

Акысы:

6-8 кишиге ылайыкталган коттедж — 12 240 сом

Шарттары: тынч, коопсуз аймак

Тамак-аш баасы кошулган эмес.

"Ала-Тоо" эс алуу үйү

Акысы:

"Стандарт" номер — киши башына 1090 сом

Жакшыртылган номер — киши башына 1390 сом

Шарттары: кошулган бөлмөлөргө жалпы санузел

Акысына үч маал тамак баасы кошулат.

"Алтын-Кум" отели

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — 2500 сом

Эки орундуу "люкс" бөлмө — 6200 сом

Төрт кишилик коттедж — 6900 сом

Шарттары: машыгуучу зал, бассейн, укалоо, радон суусу

Үч маал тамак берилет.

"Ак-Толкун" отели

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — 2700 сом

Эки орундуу "жакшыртылган" — 3580 сом

Төрт кишилик коттедж — 6300 сом

Шарттары: тынч, коопсуз жай

Азыктануу акысы бөлмө баасына кошулган.

"Эл-Нуру” пансионаты

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — 1490 сом

Эки орундуу "люкс" — 1890 сом

Шарттары: аймагында коопсуз сейил багы

Үч маал тамак берилет.

"Аль Хаят" эс алуу үйү

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — киши башына 2300 сом

Эки орундуу "люкс" — 6800 сом

Төрт кишилик номер — 10 880 сом

Өзгөчөлүктөрү: 10 жашка чейинки балдары менен меймандарды кабыл албайт.

Тамак-аш акысы кошо эсептелген эмес.

"Ак-Бермет" пансионат

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — 3500 сом

Төрт кишилик номер — 3080 сом

Шарттары: бассейн, ысык булактары

Үч маал тамак берилет.

"Колорадо" пансионаты

Акысы:

Эки орундуу "жарым люкс" — 1020 сом

Шарттары: балдар аянтчасы, дискоклуб

Тамак-аш эсептелген эмес.

"Асыл-Таш" пансионаты

Акысы:

Эки орундуу "жарым люкс" – 2500 сом

Эки орундуу "люкс" — 3000 сом

Төрт орундуу "жарым люкс" – 5000 сом

Шарттары: унаа токтотчу жай, дискотека

Акысына тамак-аш эсептелген эмес.

"SV Лазурный" пансионаты

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — 4760 сомдон

Эки орундуу "люкс" — 8840 сом

Шарттары: бассейн, теннис ойноочу аянт

Тамак-аш кошо эсептелген эмес.

"Simiram" эс алуу борбору

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — 6500 сом

Эки орундуу "люкс" — 15 200 сом

Шарттары: бассейн

Тамак баасы акыга кошулган эмес.

"Охотный двор" отели

Акысы:

Эки орундуу "стандарт" — киши башына 2720 сом

Эки орундуу "люкс" — киши башына 4080 сом

Шарттары: SPA, орус бильярды, волейбол аянтчасы

Үч маал тамак берилет.

*Туристтик сезондун кайнап турган маалында – июль, августта кардарлар ушул көрсөтүлгөн баалар боюнча тейленет

*Маалыматтар ачык булактардан алынды

Жаңылыктар түрмөгү
0