БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкекте бир нече куурчак театрларынын түзүүчүсү, жазуусу Виктор Швембергердин 125 жылдыгына арналган эл аралык экинчи "Так теке" фестивалы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Фестивалдын алкагында Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын куурчак театрлары конокторго жана жаш балдарга өз өнөрлөрүн тартуулашат.
26-майда башталган иш-чара 29-майга чейин Бишкек шаарында уланат.