Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу күч

Жазылуу
ӨКМ жалпы жарандарга өзгөчө кырдаалдын алдын алуу максатында арык казуу, суу жээктерин тосууну эскертет.

БИШКЕК, 23-май— Sputnik. 23-майдан 28-майга чейин аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу күч боло турганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, суунун көлөмү 1-10 сантиметрге чейин жогорулашы ыктымал.

"Нарын дарыясында суунун көлөмү 29-33 сантиметр, Кызыл-Сууда 13, Исфайрам-Сайда 17 сантиметрге чейин көтөрүлөт. Ошондой эле Күмүш-Тоо, Талас, Кара-Кулжа, Узун-Акмат, Чычкан, Тентек-Сай, Көк-Арт, Майлуу-Суу дарыяларында да суу нормадан жогору болот", — деп жазылат маалыматта.

Мындан улам министрлик жалпы жарандарга өзгөчө кырдаалдын алдын алуу максатында арык казуу, суу жээктерин тосууну эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0