БИШКЕК, 23-май — Sputnik. "Ислам мамлекети" уюму Манчестердеги терактынын жоопкерчилигин мойнуна алды алды. Бул тууралуу Рейтер агенттиги билдирди.
Белгилей кетсек, 22-майда кечинде "Манчестер Арена" комплексинде америкалык ырчы Ариана Гранденин концерти өтүп жатканда жардыруу болгон. Шаар полициясы терактыны жанкечти жасаганын билдирип, окуядан 22 киши каза болсо, 59 киши түрдүү жаракаттарды алган.