БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Таш кулатууга байланыштуу Боом капчыгайындагы унаа жолу жабылып турарын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кыймылына Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын 118, 119, 122 жана 130-чакырымдарында чектөө коюлмакчы.
30-40ка чукул машиналардын чогулушу менен таш кулатуу иштери токтотулуп, унаалар кое берилет. Аталган аракеттер күндүз гана жүргүзүлмөкчү.