Бишкекте балмуздак фестивалы өтүп, таттуу-тарапанын 50 түрү сунушталат

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование 138-летия города Бишкек
Празднование 138-летия города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коноктордон түшкөн акча кайрымдуулук фондусуна берилет.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жайдын алгачкы күнү борбор калаада балмуздак фестивалы өтөт.

Иш-чара Балдардын эл аралык күнүнө арналган. Фестивалдын программасы төмөнкүчө:

  • Балмуздактын 50 түрү сунушталат;
  • Балдар үчүн шоу-программа;
  • Сынактар, концерттер;
  • Өндүрүүчүлөр үчүн соода аянтчасы;
  • Бий флешмобу;
  • Арт-аллея;
  • Молекулярдык шоу ашканасы;
  • Жемиш музу менен суусундуктарды даярдоо боюнча мастер-класстар.

Всемирный фестиваль эпосов народов мира в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө биринчи жолу кымыз жана туризм фестивалы өтөт
Фестивалга жетим балдар да чакырылган. Алардын ар бирине балмуздак берилип, паркта акысыз сейилдөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

Иш-чара Горький менен Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда саат 12.00дө башталат.

Келген меймандардан түшкөн каражат кайрымдуулук фондусуна берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0