БИШКЕК, 19-май — Sputnik. 20-майда өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорундо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан жаабайт, күндүз 25…28 градуска чейин ысыйт.
Чүй, Талас облустарында 25…26 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында күндүн табы 29 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көл менен Нарында 22…23 градус жылуу болот.