БИШКЕК, 19-май. — Sputnik. Бишкек мэриясы ысык суу 22-майда өчүрүлөрүн эскертет.
Тиешелүү буйрукка калаа мэри Албек Ибраимов кол койгон. Ага ылайык ысык суу 22-июнга чейин берилбейт.
Жарандардын, социалдык мекемелердин өтүнүчү жана санитардык-гигиеналык талаптарды эске алуу менен ысык сууну бир айга өчүрүү 22-майга жылдырылган.