Бишкекте ысык суу өчүрүлө турган күн аныкталды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСезонное отключение горячей воды
Сезонное отключение горячей воды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адатта ысык суу Бишкекте 10-майдан 10-июнга чейин өчүрүлчү.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкекте ысык сууну өчүрүү 22-майга жылдырылгандыгын шаар мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, ысык сууну 22-майдан 22-июнга чейин өчүрүү боюнча токтомго бүгүн шаар жетекчиси Албек Ибраимов кол койду.

"Жарандардын жана социалдык мекемелердин өтүнүчү жана санитардык-гигиеналык талаптарды эске алуу менен ысык сууну убактылуу өчүрүү 22-майга жылдырылды", —деп айтылат билдирүүдө.

Ысык сууну өчүрүү жыл сайын кыш мезгилинде сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында түтүктөрдү оңдоо үчүн ишке ашырылат.

Адатта ысык суу Бишкекте 10-майдан 10-июнга чейин өчүрүлчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0