Мария Наумова комуз сыяктуу ондон ашык музыкалык аспапта ойной алат.
Талантуу өнөрпоз көпчүлүгү Канттагы авиабаза жана Кыргызстандын Бишкек епархиясындагы иш-чараларга катышат.
ЖМК өкүлдөрү таланттуу кызды Кыргызстан менен Россиянын достугун бириктирген көпүрө деп аташат. Ал эми Мария өзү эки элдин тең маданиятын бирдей, айкалыштырып алып жүрөрүн айткан.
Наумова музыкалык аспаптарда кол ойноткондон тышкары бий менен алектенип, бул тармакта да ийгиликке жеткен. Мындан сырткары, ал түрдүү фестивалдардын жеңүүчүсү, "Минута славы" телешоусунун катышуучусу болгон.