Саамалык. №56 мектептин бүтүрүүчүлөрү коштошуу кечесинен баш тартууда

© Sputnik / Sputnik/Алексей Ковалев / Медиабанкка өтүүВыпускной бал в Цхинвале
Выпускной бал в Цхинвале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүтүрүүчүлөр коштошуу кечесин өз каалоосу менен өткөрбөй эле коюуну чечишкен.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы №56 орто мектептин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү коштошуу кечесин өткөрүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине бүтүрүүчүлөрдүн бири Айканыш Карабаева билдирди.

Анын айтымында, бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү өз каалоосу менен коштошуу кечесин өткөрбөй эле коюуну чечишкен.

"Биздин мектепте бүтүрүүчү эки класс бар. Жалпы 60тай окуучу мектепти аяктап жатабыз. Бүтүрүү кечесине аз калганда классташтар чогулуп өз каалообуз менен кечени өткөрбөй эле коюуну чечтик. Бул кечеге биринчиден, көп акча сарпталып, ата-энелерибизге эле күч келип калат экен. Андан көрө бул каражатты жогорку окуу жайдын контракт акчасына же дагы башка пайдалуу нерсебизге жумшайлы деген ниеттебиз", — деди Айканыш.

Бул демилгени алгач азганактай гана окуучу көтөрсө, азыр кластташтардын арбыны туура деп жатканын бүтүрүүчү төмөнкүчө айтты.

Сокулук районун Төш-Булак айылындагы мектепти мындан 10 жыл мурда аяктап кеткен бүтүрүүчүлөр аймактагы эки үй-бүлөгө бирден тай сатып беришти. - Sputnik Кыргызстан
10 жылдык. Кулкунга куюулуп кетчү тамактын ордуна бөбөктөргө тартууланган тайлар
"Башында 10-15тей окуучу кечени өткөрөлү деп жатышкан, бирок алар да көпчүлүккө баш ийишти. Бул күнү кымбат баалуу көйнөктөрдү кийбей, чачты түрлөп жасабай, модалуу унааларды ижарага албай эле жөн гана символикалуу түрдө чогулуп өткөрүп коёбуз", — деди Айканыш.

Эске салсак, былтыркы жылы Билим берүү министрлиги бүтүрүү кечесин өткөрүүгө тыюу салган . Эгер бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери өз алдынча кече уюштурууну кааласа, аларга каршылык болбой турганын министрлик ырастаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0