00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:05
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
6 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баш оору: себептери, алдын алуу жана дарылоо жолдору кандай?
15:07
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
9 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
17:10
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Меняющие мир
Народный артист Якутии — о судьбе, опере и якутском эпосе в Бишкеке
18:07
35 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Өкмөттү өх-хх дедирген отчет, соттолгон оппозиция

Жазылуу
Кутмандуу күнүңүздөр менен, мекендештер.

Жамгыр, жамгыр… Бүгүн өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр жаай турганын Кыргызгидромет билдирди. Анткен менен Бишкек шаарында 19 градус жылуу болсо, Ошто күндүн табы 22 градуска чейин көтөрүлөт. 

Элдин жакасын карматкан кырсыктын кеби тынчый элек. Бишкекте жол кырсыгына кабылып, оодарылып калган №199 маршруттук таксини иштеткен компания эл ташууга уруксат берген лицензиядан ажыратылышы мүмкүн. Мындан сырткары, анын жол чырактын кызылы күйүп турганда өтүп кеткени да айтылууда. 

Экинчи видео. Капталынан жыгылган маршрутканын жаңы видеосу чыкты.

Жол азабы жеңилдеп… Кыргызстандыктардын Казакстанда 30 күн каттоосуз жүрүүсүнө жол ачылды. Ары-бери каттагандардын жол азабын бир аз болсо да жеңилдетет чыгар деген ишенимде туралы. 

Өкмөт башчы өх-ххх… дегенде. Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун 2016-жылдагы өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнча берген отчетун жактырды. Премьерлик түшүнө кирбегендигин былтыр айткан Жээнбеков туура бир жыл мурда бул кызматка келген. 

Кыргызстанда оппозициячылардын алды 20 жылга кесилди. Бишкектин Биринчи Май райондук соту бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деп айыпталган оппозициячыларды 4 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Жогорку соттон райондук соттун чечимине экинчи тарап 10 күндүн ичинде даттанууга укуктуу экендигин билдирди. 

Араб дүйнөсүн аралаган Кыргызстан. Катардын Al Jazeera ("Аль-Жазира") телеканалы Кыргызстан тууралуу берүүнү бир жума бою көрсөтөт. Арабдардын белгилүү телеканалы тарабынан даярдалган берүү 24-апрелден 30-апрелге чейин кайталанып күн сайын берилип турмакчы. 

© REUTERS / Caren FirouzЦентр раздачи бесплатного питания в храме в Исламабаде
Центр раздачи бесплатного питания в храме в Исламабаде - Sputnik Кыргызстан
Центр раздачи бесплатного питания в храме в Исламабаде

Сүрөттөр көз ымдап чакырат. Бул сапаркы сүрөттөр ирмеминде пил менен учурашкан ханышадан тарта Атамбаев, Путиндин жолугушуусуна чейинки сүрөттөрдү тартуулайбыз

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.60 (сатып алуу) жана 68.00 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Кыбыраган кыр ашат

Аманчылык тилеп Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0