Al Jazeera телеканалы бир жума бою Кыргызстан тууралуу көрсөтөт

Жазылуу
Al Jazeera телеканалынын араб жана англис редакциясы 2016-жылдын күз айында Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келип, ал жактан Кыргызстан тууралуу бир нече сюжет тартып кеткен.

БИШКЕК, 17-Апр. — Sputnik. Катардын Al Jazeera ("Аль-Жазира") телеканалы Кыргызстан тууралуу берүүнү бир жума бою көрсөтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бул видеороликти ТИМ өкүлү Айымкан Кулукеева өзүнүн Facebook баракчасына жүктөгөн.

Всесезонный туристско-рекреационный комплекс Эльбрус в Кабардино-Балкарии - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан туризм боюнча рейтингде Казакстан менен Тажикстандан артта калды
Арабдардын белгилүү телеканалы тарабынан даярдалган берүү 24-апрелден 30-апрелге чейин кайталанып күн сайын берилип турат.

Кулукееванын айтымында, телеканалдын араб жана англис редакциясы 2016-жылдын күз айында Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келип, ал жактан Кыргызстан тууралуу бир нече сюжет тартып кеткен.

"Аль-Жазира" — штаб-квартирасы Дохада (Катар) жайгашкан эл аралык телекомпания.

Жаңылыктар түрмөгү
0