Кыргызстандыктардын Казакстанда 30 күн каттоосуз жүрүүсүнө жол ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековАк-Жол чек ара көзөмөл пункту. Архив
Ак-Жол чек ара көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамга Алмазбек Атамбаев кол коюп, документ расмий жарыялангандан кийин жети күн өткөн соң күчүнө кирет.

БИШКЕК, 17 апр — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктардын Казакстанда жүрүү жол-жобосу тууралуу протоколду ратификациялаганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иманалиев: мигранттар паспортто улуттун көрсөтүлүшү боюнча маселени козгошууда
Макулдашуу эки өлкөнүн өкмөтү тарабынан 2011-жылдын май айында кабыл алынып, ушул жылдын 17-октябрында өзгөртүү киргизүү чечими чыккан. Ага ылайык, кыргызстандыктар Казакстанда 30 күнгө чейин каттоосу жок жүрө алат. Болгону жашаган жери тууралуу маалымат берүүсү зарыл.

Мындай жеңилдиктер Кыргызстанда жүргөн казакстандыктарга дагы берилген. Аталган мыйзам расмий жарыялангандан кийин жети күн өткөн соң күчүнө кирет. Казакстандын президенти аталган макулдашууну азырынча ратификациялай элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0