БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май райондук соту бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деп айыпталган оппозициячыларды 4 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу чечимин чыгарганын Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.
Кийинчирээк экс-мамкатчы Дастан Сарыгулов жана Эрнест Карыбеков кармалган. Сарыгулов 339-берене ("Кылмышты жаап-жашырганы үчүн") боюнча күнөөлүү деп табылып, шарттуу түрдө 4 жылга кесилди.
Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Кылмыш жаза кодексинин "Бийликти басып алууга даярдануу", "Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүүгө даярдык" беренелеринин негизинде күнөөлүү деп табылган. Алардын ар бири 12 жылга кесилип, күчөтүлгөн тартиптеги абакта жаза өтөмөй болушту.
Асанов менен Кадыровго өткөн жылдын 24-мартынан тарта жаза эсептелине баштаса, Карыбековго 26-марттан тарта саналат. Кыргызстандын Кылмыш жаза кодексине ылайык, күчөтүлгөн тартиптеги абактагы бир күн эки күнгө туура келет. Аталган соттун чечимине экинчи тарап 10 күндүн ичинде даттанууга укуктуу.