БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Сириянын Алеппо шаарында Фуа жана Кефрая райондорунан эвакуацияланган адамдарды ташып бараткан автобус жардырылганын РИА Новости өлкөнүн мамлекеттик ЖМКларына таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жардыруудан кеминде 70 киши каза болуп, 130дан ашуун адам жаракат алган. Аны автобустагы жан кечтинин ишке ашырганы белгилүү болду.
Буга чейин Сирия өкмөтү согушкерлер менен аталган эки райондун жашоочуларын аймактан чыгарып кетүү боюнча макулдашкан. Жардырууга чейин беш миңге чукул адам эвакуацияланган болчу.