00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Create4 Design в Бишкеке: креативный бизнес КР обсудит ИИ, этику и новые профессии
08:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Мамлекеттик башкаруу академиясы: илимий потенциал жана санариптик трансформация
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Академия наук сможет тратить заработанные деньги: беседа об инновациях в научной сфере
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан жумушчу күчүнүн жетишсиздигине туш болууда — бийлик бул боюнча кандай чараларды көрүүдө?
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Наука как госстратегия: китайский путь к технологическому лидерству — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Диплом или навыки: проректор СКФУ — о том, каким должно быть образование сегодня
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдарды туура тарбиялайлы: Сөгүнүүнүн адам жашоосуна тийгизген таасири
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стопкадр
Документалдык кинонун бүгүнкү абалы: билим берүүдө көйгөйлөр жана жетишкендиктер
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
Безопасная весна: Джумадиль Шералиев об усилении патрулей в парках и зонах отдыха Бишкека
20:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Туулган күнүң менен, Элина! Актриса тууралуу кызыктуу 7 факты

© Фото / Курманжан Датка тасмасынан"Курманжан датка" тасмасынан бир кадр
Курманжан датка тасмасынан бир кадр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурдун жаш жана белгилүү актрисасы Элина Абай кызы бүгүн 27 жашка чыкты. Актрисалык карьерасын 9-классында Эрнест Абдыжапаровдун "Боз салкын" тасмасына тартылуу менен баштаган.

"Уурунун махабаты", "Гаишники", "Сулуулар жана миллион", "Күкүк Шахра", "Курманжан датка", "Саякбай" тасмаларында роль жаратып, калың элдин оозуна алынган ай чырайлуу актриса тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова 7 кызыктуу фактыны топтоду.

6-класстан тарта эсепчилик кызматты аркалаган

Манасчы Үмөт Дөөлөтов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кичинекей манасчы Үмөт тууралуу кызыктуу сегиз факты
Элина Абай кызы — 1990 жылы 2-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн. Ата энеси 3-4 жашында ажырашып кетип, ушул мезгилге чейин апасы жалгыз тарбиялаган, атасы менен кээде жолугушуп турат. Төрт бир туугандын үчүнчүсү. Эжеси, байкеси жана сиңдиси бар. Учурда апасы жеке ишкер. Элина бала кезинде эл сыяктуу анча-мынча кыйынчылыктарды баштан өткөргөн. Ал бул тууралуу, "апам газдалган суу сатып иштетчү. Баарыбыз таңкы саат 5те туруп, апама каралашар элек. Иш менен алек болуп, түнкү 12 дегенде келип, колубузду жууганга алыбыз келбей уктап калчубуз. 6-класстан тартып мен үй-бүлөбүздүн эсепчиси болдум. Кадимкидей эле ар кимисине айлык берип жүргөм. Кээде сатуучулар жок болуп калганда өзүм саткан күндөр да болду. Классташтарым мени карап өтүп кетишсе, кызыктай боло берчүмүн. Бирок "үйгө жардам берип жатам да" деп кайра өзүмдү жоошутар элем" деп айтканы бар.

Эрке, шок жана тентек окуучу

Элина аябай эрке болуп чоңойгон. Бала бакчага барарда эжеси кийгизген кийимди кийбей, ыйлап жатып, өзү каалаган көйнөктү кийчү экен. Мектепте да өтө тентек кыз болгонун айтат. "7-класска чейин жакшы окуудум, 8-класстан кийин өткөөл курак таасир эттиби, айтор, окуудан начарлап кеткем. Кыздар менен урушканым аз келгенсип, балдар менен да мушташып кеткен күндөрүм болгон. Эсимде, Олег деген классташым менен такыр тил табыша алчу эмесмин. Экөөбүз мектептин коридорунда аябай тебишип мушташканбыз. Андай жоруктарым үчүн далай жолу директордун кабинетине кирип жүрдүм. Мени начар окуган кыздардын катарына кошуп коюшкан эле. 9-класста "Боз салкынга" тартыларда директорго барсам: "Сени киного чакырыштыбы? Кантип? Ушул сениби?.."- деп аябай таң калган" деп айтканы бар. 

© Фото / Чолпон ИдрисоваЯпонияда "Курманжан датка" тарыхый тасмасынын премьерасында
Презентация фильма Курманжан Датка в Японии - Sputnik Кыргызстан
Японияда "Курманжан датка" тарыхый тасмасынын премьерасында

Актрисалык карьерасы тууралуу

Элина Абай кызы актрисалык карьерасын 9-классында Эрнест Абдыжапаровдун "Боз салкын" тасмасына тартылуу менен баштаган. Андан сырткары актриса "Уурунун махабаты", "Гаишники", "Сулуулар жана миллион", "Күкүк Шахра", "Курманжан датка" тасмаларында роль жараткан. Ал актрисалык кадамы тууралуу: "Бир күнү курбум филармонияга концертке чакырды. Арткы орунга отуруп алып каткырып, элге жаман көрүндүк. Концертти Эрнест байке "Айыл өкмөтү" тасмасынан кийин уюштурган экен. "Ким азыр жакшы ырдап-бийлеп берсе, менин жаңы тасмама жолдомо алат" деп сынак жарыялап калды. Сахнага чыгып бийлеп, орусча ырдап, көрүүчүлөрдүн кол чабуусу менен сынактан утуп, бирок кийинки күнү финалдан өтпөй калдым. Ошондо көрүүчүлөрдүн арасынан бир байке "ушундай кызды кантип албай коёсуңар?.." деп айткан. Эрнест байке талантымды байкап, "Боз салкын" тасмасына роль сунуштады. Ошентип, кино дүйнөсүнө чыйыр алдым" деп айтканы бар.

Өзүн бий тармагынан да сынап көргөн

Доктор медицинских наук, профессор, врач-терапевт Мирсаид Миррахимов - Sputnik Кыргызстан
Өмүрүн медицинага байлаган Мирсаид Миррахимов тууралуу кызыктуу 7 факты
Алгач "Версус" тобунун бийчиси катары таанылса, кийин "Арууке" бий тобун ачышкан. Ал бул тууралуу "бийге жаңы барганда эптеп кете албайт дешти окшойт, көп көңүл бөлүшкөн жок. Мурун таэквондого барып жүргөндүктөн, кыймылдар мага жеңилдей туюлду. Кыздар менен бат тил табышканга жетиштим.

Аябай тытынып иштедим. Күндө ар башка кызга чалып, "бүгүн сен үйрөтчү" деп жүрүп бий дүйнөсүнө аралаштым. Ошентип, бир жылдын ичинде негизги курамга кирдим" деп айтканы бар.

А ведь я так старалась… Video by @sanjar_abdyjapar 😭😂 #АлтынЖээк

Публикация от Elina Abai kyzy (@elina.abaikyzy) Сен 13 2016 в 11:18 PDT

Жеке жашоосу, мырзаларга болгон талабы тууралуу

Элина жеке жашоосу тууралуу айтканды көп жактыра бербейт. Бирок жигиттерге болгон талабы катуу экенин айтканы бар. "Өзүм кичинекей кезимде тентек болгонгобу, эстеп көрсөм, мага кат жазып, сүйүүсүн арнаган балдар болбоптур. Анан мага оңой менен балдар жага бербейт, андыктан жигиттерге койгон талабым да катуу. Сөзүндө турбаган, калп айткан балдарды жактырбайм. Жаңы таанышкан жигит болсо да, бир жери жакпай калса эле болду, аны менен мамилемди үзүп салышым мүмкүн. "Тили менен сүйбөй, дили менен сүйүш керек" деген сөз жагат мага" деп айтат.

@ismanova_fashion 💓 #WandiBazarSpring

Публикация от Elina Abai kyzy (@elina.abaikyzy) Мар 22 2016 в 10:44 PDT

Сулуулугунун сыры тууралуу

Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Сабира Күмүшалиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Эл артисти Сабира Күмүшалиева жөнүндө кызыктуу беш факты
Актрисанын жашоосу спорт менен тыгыз байланышта. Таң эрте чуркоону көп жылдан бери адатка айлантып, маалы менен спорт залга баш багып турат. Туура тамактанууну тандаган актриса дайыма жашылча-жемиш жейт. "Таттууну абдан жакшы көрөм, ошол себептен тиш догдурга көп кайрылсам керек" деп айтканы бар. Ал ошондой эле кофе, чай, газдалган суусундактарды ичпейт. Сырткы келбеттен сырткары адамдын ден соолугу, ички жан дүйнөсү, маданияттуулугу, жүрүм-туруму маанилүү дейт.

Карьераны биринчи орунга коет

Элина прессаларга берген интервьюларынын көбүндө башкы планы катары Голливудду багындырууну айтат. Ошондой эле жашоосунда карьера биринчи орунда турат деп айтканы бар. "Мен бий, кино дүйнөсүнө бүгүн эле келген жокмун. Ошондуктан карьера мен үчүн биринчи орунда турат. Эгер менин сүйгөн адамым мага "карьераңды токтот" десе, ал менин канаттарымды кыркып салгандай болот. Анткени бий жана актрисалык кесип – менин жашоом" дейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0