БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. "Бишкек сулуусу — 2016" сынагынын жеңүүчүсү Айзирек Мыктыбекова аталган наамдан баш тартты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине сулуулук сынагынын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова билдирди.
Өткөн бейшемби күнү 2016-жылы уюштурулган сулуулук сынагынын финалы өтүп, анда Айзирек Мыктыбекова жеңүүчү аталган.
"Сынактан кийин Айзиректин турмушка чыгууну пландап жатканын билдим. Ага чейин кабарым жок эле. Мага жигити келип, жакында үй-бүлө курушарын айтты. Эл аралык сынакка катышуу үчүн көп убакыт талап кылынат. Андыктан үй-бүлө куруусуна тоскоолдук жаралбаш үчүн ал наамдан баш тартты", — деди Намазбекова.
Тартип боюнча наам кийинки орунду алган Айзат Кадыровага берилет.