Алыскы күндөргө чакырган кат
Айылыма кат жазуу, мени тээ балалыгыма, аруу жана таза күндөрүмө, бир туугандарым менен, апам менен бир короодо, бир үйдө, бир дасторкондо тамак ичкен күндөрүмө чакырып жаткандай туюлуп жатат.
Себеби, кат жазбаганыма көп жыл болуптур (канча жыл экенин эстей албай койдум). Азыр телефон менен сүйлөшүп, СМС гана жазып калбадыкпы.
Эми минтип Sputnik Кыргызстандын сунушу боюнча, айылыма жана айылдаштарыма кат жазып отурам. Ал үчүн сиздерге ыраазылыгымды билдирем.
"Туулган айылдын топурагы алтын" дегендей, мен ошол "алтын топурактан" жуурулуп, айлымдан торолуп, ааламга сапар алгам. Кичи мекеним — Кара-Суу районунун "Сарай" айылы (мурда Киров деп аталчу). "Сарайымды" эстесем, айылдагы досторду, классташтарым эске түшөт.
Айылым менен досторум жөнүндө "Туулган айылым" деген ырым бар…
Туулган айылым, балалык чагым
Алыстан сенден, түшүндүм баркың.
Туулган айлым, сагынып келдим,
Алыстап сенден, кадырың билдим.
Барып Куран окуп, топурактарын жыттап алардын жанында бир сааттай отуруп, анан үйгө бет алам. Келээримди билген жалгыз карындашым жана эки акемдин балдары мүрзөлөрдү тазалап мени үйдөн эмес, көрүстөндөн күтүшөт. Мунумду айылдаштарымдын баары жакшы билишет.
Кечиргиле, айылым жана айылдаштарым
Мен айылга кат жазуу менен бирдикте, айылдаштарымдан жана айлымдан кечирим сурагым келет. Кичинемде абдан шок элем. Тентектиктин айынан көптөрүн балким, капа кылгандырмын. Биринчи кезекте айылдын аксакалдарынан. Алардын көпчүлүгү аркы дүйнөгө аттанышкан. Ошондой болсо да алардан кечирим сурайт элем….Так эсимде жок, 6- же 7-класста окусам керек эле. Айылда орозо айынын аягында, аксакалдар үймө-үй жүрүп, тамак жеп бүткөндөн соң ошол үйдөгүлөргө ак батасын беришээр эле. Алардын катарына бир үйдөн бирден гана эркек кошула турган. Биздин атабыз жок болгондуктан, чоң акем Фрунзеде студент, ортончу акем менден эки жаш гана чоң, биртке уялчаак болчу. Ошондуктан үйдөн чоң аталардын катарына мен кошулчумун.
Айылдын башынан баштап үймө-үй кирип келе жатышып, биздин үйгө жеткенде биздин кошунабыз "биздин тамак даяр болуп калды, жүргүлө" деп үйүнө алып кетип калды. Силердин үйүңөргө анан келебиз деп коюшту. Биздин үйдү аттап кеткендерине ызаланып, кийинки үйлөргө барбай койдум. Апам очоктун боюнда көзүнө жаш алып, үнсүз ыйлап олтуруптур. Аксакалдар эң акырында биздикине келишти. Ызаланган мен дарбазаны кайтара жаап "кирбейсинер, кеткиле" деп кыйкырып, оозго алгыс сөздөр менен баарын тилдегемин. Апам менен ортончу акем мени тарткылап, тынчтандырып, ал эми аксакалдарды үйгө киргизишти. Алар дасторконго олтурганда "мен силердин төрүңөрдө олтурмай сайын, силер менен арапада олтурбайм" дегем. Чоң аталар алар менден кечирим сурашкан, а мен алардан сөккөндүгүм үчүн эч нерсе деген да эмесмин. Алар ушул күнгө чейин ошол күндү күлүп эскеришет. Ошол окуяны ар орозо болгон сайын эстейбиз деп калышаар эле…
Мектебим, адам болгон азыр ошол тентегиң
Залкар тоодой заңгыраган мектебим,
Көп жыл болду сенден узак кеткеним.
Капа болуп туюк ойго чөмүлбө,
Адам болгон азыр ошол тентегиң
Кечир мени, кең пейилдүү мектебим.
Кошуналар менен…
Үчүнчү кечиримди кошуналарымдан сурагым келет. Топ тээп, чикелдек ойноп канча жолу силердин терезеңерди талкалагам. Кээ бир кошуна балдарды уруп, оозу-мурдун канаткан учурларым болгон. Бирок ошол кезде кошунанын балдары менен канча көп мушташсак да, ушул күндө бири-бирибиздин сыйлап, урматтап менен көрүшүп келебиз. Айылыма барган сайын алар кучак жайып тосуп алышат. Алды чоң ата, таята болуп калышкан. Мен балалыкты абдан сагынам. Балалыка деген дүйнөгө дайым кетким келет. Балалыкта ким менен болгуң келет десе, албетте, апам менен төрт бир туугандарымды атаар элем.
"Балалыка кетеличи, апаке" деп аталган ырымды эстедим. Төмөндө андан үзүдүлөрдү келтирүүнү эп көрдүм…
Бала кезде эр жетсем деп тез эле
Бата тилеп жатчу элем кечинде.
Түйшүгү көп түгөнбөгөн бүгүндөн
Тажап кеттим эмнегедир апаке.
Тойго барсаң этегиңе жармашып
Мен барам деп карындашыман талашып
Жер тепкилеп ыйлап жаткан кезиме
Кетким келет сени менен апаке…
…Тазанын да тазасы экен ал күндөр
Тазалыка алып кетчи апаке.
Бакыттын да быктысы экен ал күндөр
Балалыкка кетеличи апаке.
Чексиз урматым менен, уулуңар Ибрагим Жунусов.