Айда аман, жылда эсен жүрөсүңөрбү, айылдаштарым?
Барганымда сагынып жазар жарпым,
Баага сыйбас жүрөктө сенин баркың.
Төрөлгөндөн төрүңдө эркелегем,
Төркүнүмсүң, үйүмсүң Карамартым.
Карамартым. Жалал-Абаддын Сузак районундагы тунук булактары коңгуроодой шылдыраган, тоолуу, алмалуу, жаңгактуу айыл. Киндик каным таамп, балалыгымдын издери калган жер, жан дүйнөмдүн түнөгү. Бул катты дал өзүңө жолдоп жатып, алгач айылдагы ага-тууган, эли-журтумдун амандыгын сурап, амандашайын. Айда аман, жылда эсен жүрөсүңөрбү? Сууктун мизи кайтып, күндүн көзү көрүнүп калды, адаттагыңдай кулпура баштагандырсың, айылым? Айланаң аппак карга жамынган кышың, көрктөнүп жылуулук, сулуулук тартуулаган жазың, берекелүү күзүң, жайлоосу жыпар жыттанган жайың дайым эсте.
Эсимде, мектебим үйүбүздөн алда канча алысыраак болгондуктан, сабакка баратканда, сабактан келатканда жолдо ката кыялга батаар элем. Күзүндө ар кимдин кашасындагы алмадан жеп олтуруп үйгө жеткен, кышында сумкесин көтөргөн кызыл пальточон кыздын карааны азыр көз алдыма тартылууда. Азыр айыл чоңоюп, мектеп салынып, өзгөргөндүр.
Жашыл кырды жаңыртып ырдаганым,
Жашыл үмүт, тилекти жыйнагамын.
Жалгыз сага төгүлүп айтаар элем,
Жалындаган бир күчтүн кыйнаганын.
Жайлоодон айылга бээнин сүтүн ташыган чоң атам менен чоң энем
Шыбырачу шамалың: чурка, талпын,
Шыгың менен кубансын айыл-калкың.
Шыдыр басып кетүүгө улуу жолго,
Шыктандырдың айылым – Карамартым.
Апамды көргөн өлбөсүн…
Эс киргенден эселеп үмүт жаркын,
Элдин кызы болсом деп кыял, бактым.
Элдүү жолго ээрчитип жетелеген,
Энем жыттуу уямсың – Карамартым.
Саламым менен, кызыңар Анара Шаимкулова.