БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата Журт" фракциясы Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин президенттикке көрсөтүү сунушун колдоого алганын фракциянын депутаты Максат Сабиров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим фракциянын жыйынында кабыл алынган.
"Азырынча расмий түрдө көрсөтүлө элек. Себеби, мындай чечим партиянын съездинде кабыл алынат", — деди депутат.
Сабиров партиянын съезди май айында болушу ыктымалдыгын кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин экс-премьер-министр Темир Сариевдин талапкерлиги "Ак шумкар" партиясы тарабынан, ал эми Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги "Өнүгүү — Прогресс" партиясы тарабынан расмий түрдө көрсөтүлгөн болчу.