Билими жогору. "Агроном", "каржы менеджменти" жана "юрист" адистиктери боюнча үч дипломго ээ.
Эмгек жолу:
- 1988-1989 — Советтик жоокерлердин катарында кызмат өтөгөн
- 1995-1998 — Тараз шаарында (Казакстан) жоопкерчилиги чектелген коомдун директору
- 1998-1999 — "Шымкентнефтеоргсинтез" ААКнын Кыргызстандагы ыйгарымдуу өкүлү
- 1999-2000 — "Мунай" компаниясынын директорунун орун басары
- 2000-2004 — "Кыргызпахта" ЖАКтын президенти, Жалал-Абад
- 2002-2005 — "Петро Казахстан Ойл Продакс" компаниянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси
- 2004-2005 — "Мунай Мырза" ЖАКтын директорлор кеңешинин мүчөсү
- 2005-2007 — Жогорку Кеңештин №56 Кара-Буура шайлоо аймагы боюнча депутаты
- 2007 — КСДПнын шайлоо алдындагы штабынын башчысы
- 2008 — "Мунай Мырза Инвест" ЖЧКнын директорлор кеңешинин төрагасы
- 2009 — вице-премьер-министр
- 2009-2010 — "Мунай Мырза Инвест" ЖЧКнын директорлор кеңешинин төрагасы
- 2010 — "Республика" партиясынын төрагалыгына шайланган
- октябрь, 2010 — Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты
- 2010 —КРдин биринчи-вице-премьер-министри
- 2011-2012 — КРдин премьер-министри
- октябрь, 2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты
- 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан
- 2018-жылдын 19-январынан тарта депутаттык ишмердүүлүгү токтотулган.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.