БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Канададагы мечитте болгон атышууда каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында алдын ала маалымат боюнча Кыргызстандын жарандары жок экенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек, Канаданын Квебек шаарындагы атышуудан беш киши каза болгон. Кылмышкер алгач биринчи кабатта ок чыгарып, андан кийин экинчи кабатка көтөрүлгөн. Шектүү эки киши кармалды.
Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин маалыматы боюча аталган шаарда КР жарандары жашабайт.