БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Эртең Нарын, Чүй, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Бишкек менен Ош шаарларында түнкүсүн 6 градуска чейин суук болсо, күндүз абанын температурасы 5 градуска чейин көтөрүлөт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот.