Сузакта жер көчкү эки үйдү басып калды

© Фото / пресс-служба МЧС КРЖер көчкү. Архив
Жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматттар боюнча кырсыктан жабыркагандар жок.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Сузактын Кыз-Көл айыл аймагынын Сары-Булак айылында жер көчкү эки үйдү жана эки жылкыны басып калды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жер көчкү саат 16:20да жүргөн.

Учурда жер көчкүнүн көлөмү такталууда. Алдын ала маалыматттар боюнча кырсыктан жабыркагандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0