БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Нарын шаарында өспүрүм балдар бычакташып, бири ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБ маалымат кызматы билдирди.
Окуя 24-январь күнү түшкү саат 13:00дө катталып, анда балдар арасында пикир келишпестик мушташка айланып кеткен.
"Бычакташуунун жыйынтыгында Нарын шаарынын орто мектептеринин биринин 9-классынын окуучусу 16 жаштагы бала бутунан жаракат алып, аймактык ооруканага жаткырылган. Ал эми бычак сайган 17 жаштагы бала эч жерде окубай турганы аныкталды. Окуя болгон жерди текшерүү учурунда көчөдөгү көмөкчордондун жанынан маки табылган", — деп жазылат билдирүүдө.
Учурда соттук-медициналык экспериза дайындалып, териштирүү иштери