Чолпон Өмүрбай кызы: окуучулар Бишкектен келген балдар менен мушташа кеткен
Нарын шаарындагы мушташкан балдар Бишкектен келген балдар менен уруша кеткен. Бул тууралуу Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чолпон Өмүрбай кызы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Окуя 24-январь күнү түшкү саат 13:00дө катталып, анда балдар арасында пикир келишпестик мушташка айланып кеткен.
"Балдардын жазып берген түшүнүк катында мушташка 10дон ашык өспүрүмдүн катышканы белгилүү болду. Бишкектен келген балдар жергиликтүүлөрдү жолугушууга чакырышкан. Беркилер топтолуп алып баргандан кийин чыр чыгып, бычакташууга чейин барышкан", — деди Чолпон Өмүрбай кызы.
Бөлүм башчы учурда ата-энелер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.