Кыргызстанда өткөн дүйшөмбүдө Boeing – 747 жүк ташуучу учагынын кыйрашынан каза тапкандардын сөөгү жерге берилди.
Иранда өрттүн айынан Plasco деп аталган 17 кабаттуу имарат кулады. Алдын ала маалыматтарга караганда, 30 өрт өчүрүүчү курман болушу мүмкүн.
Индиянын Орисса жана Андхра-Прадеш штаттарынын чек арасынан 22 вагондуу поезддин сегизи жана локомотив рельстен чыгып кетип, 39 адам көз жумду.
АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын инаугурациясы Вашингтондо өттү. Маалыматка караганда, ага 900 миңден 1 миллионго чейин адам келди.
Аялдардын укуктарын коргоо жүрүшү АКШда Трамптын инаугурациясынан кийин өттү. Ага эки миллиондой адам катышты.
Кыргызстандын православ динин туткан жарандары сууга түшүү жөрөлгөсү менен диний майрамын майрамдашты.
Ушул жана башка жаңылыктар Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт баянында.

Иранда өрттүн айынан Plasco деп аталган 17 кабаттуу имарат кулады. Алдын ала маалыматтарга караганда, уранды алдында 30 өрт өчүрүүчү курман болушу мүмкүн. Имараттын урап баратканы телеканалдардын камераларына түшүп калган

Кыргызстанда өткөн дүйшөмбүдө Boeing – 747 жүк ташуучу учагынын кыйрашынан каза тапкандардын сөөгү жерге берилди. Анда 39 адам каза болуп, 15 киши жаракат алды

Индиянын Орисса жана Андхра-Прадеш штаттарынын чек арасынан 22 вагондуу поезддин сегизи жана локомотив рельстен чыгып кетип, 39 адам көз жумду

Ирактын нефть казган регионунан качкан "Ислам мамлекетинин" согушкерлери өрттөгөн скважиналар

АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын инаугурациясы Вашингтондо өттү. Маалыматка караганда, ага 900 миңден 1 миллионго чейин адам келди

Аялдардын укгун коргоо маршы АКШда Трамптын инаугурациясынан кийин өттү. Ага эки миллиондой адам катышты.
Вашингтондогу каршылык акциясына чыккандар Дональд Трамптын президент болушуна нааразы болуп, жарандык укук менен эркиндикти талап кылышты.
Вашингтондогу каршылык акциясына чыккандар Дональд Трамптын президент болушуна нааразы болуп, жарандык укук менен эркиндикти талап кылышты.

Кыргызстандын православ динин туткандар сууга түшүү жөрөлгөсү менен диний майрамын майрамдашты

Москвадагы Сокольники сейил багында диний майрам учурунда сууга түшүп жаткан кыз

Жакында эле Испаниянын Сан-Бартоломе-де-Пинарес айылында 500 жылдан бери өтүп келе жаткан Las Luminarias фестивалы болду. Салт боюнча чабандестер жылкы оору-сыркоодон алыс болсун деп оттон секиртишет

Франциялык Янник Боуджелал Grand Prix De Russie сноуборд мелдешинин финалында

Йемендин Сана шаарында Хути кыймылына колдоо көрсөткөн аялдар парадда басып баратат

Жылан жана чаяндарды өстүргөн палестиналык Набиль Мусса. Өзүнүн Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарындагы үйүндө

Манила шаарында "Аалам сулуусу" сынагынын катышуучуларынын салттуу фотосессиясы "Бактылуу жашоо" яхтасында өттү

Фариндола шаарындагы Rigopiano отелин кар көчкү басып калып, жыйынтыгында төрт адам каза болду. Көчкү түшкөн маалда имараттын ичинде 30 адам болгону айтылууда

Кытайдын Сиана шаарында айлык алуу үчүн турган гастарбайтер куруучулар

Кениянын Найроби шаарындагы жираф өстүргөн борборго келген кыз жаныбарга тамак берип жатат

Берлиндеги Мода жумалыгында Эстер Пербанттын коллекциясы
