БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Шейшемби күнү өлкөнүн айрым аймактарында катуу кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет.
"Бишкек жана Ош шаарларында —2…-3 градус суук болот", — деп жазылат маалыматта.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика менен коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоолордо малды кармоону кыйындатат.