Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат катчысы Айсулуу Исабекова "Мигранттын маалымдамасы" деген мобилдик тиркеме иштелип чыккандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымына караганда, тиркемеде жакынкы чет өлкөлөр менен Евразия экономикалык бирикмесиндеги мамлекеттерге барып ишке орношуу үчүн керектүү маалыматтардын бардыгы камтылган. Тиркеме Android колдонуучулары үчүн жеткиликтүү болуп, аны Play Market аркылуу бекер жүктөп алса болот.
"Акырындык менен бул тиркеме бардык мобилдик колдонуучуларга жеткиликтүү боло баштайт. Маалымдамада Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиликтеринин байланыш номерлери жазылган. Мындан тышкары, мигранттар Россиянын кара тизмесинен өздөрүн текшере алышат", — деди Исабекова.
Тиркеменин бет ачары 24-январда өтөт.